• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте табылган снаряддын чоо-жайы айтылды

20 Бугу 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында табылган снаряд, болжолдуу маалыматтар боюнча, коркунуч жаратпайт жана окууга пайдаланууга арналган каражат. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук гвардиянын аскерлери менен сапёрлору тиешелүү атайын иш-чараларды жүргүзгөн.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, снаряд коркунуч жаратпайт жана окууга пайдаланууга арналган каражат болуп саналат»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыкта снаряд табылганы айтылып, милиционерлер аймакты курчоого алган.

Аталган факты Свердлов райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 482