• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте таксистке кол салууга шектелип үч адам кармалды

20 Жетинин айы 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкерлери таксистке кол салууга шектүү катары үч адамды кармады. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда Биринчи май райондук милициясына Э.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 04:00дөр чамасында “Тынчтык” конушунда белгисиз адамдар күч колдонуп, унаанын коопсуз куру аркылуу муунтуп, “Мазда Демио” унаасын, 2 миң 500 сом акчасын жана 15 миң сомдук “Редми” уюлдук телефонун тартып алып, бергисиз тарапка качып кеткендерге карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү катары 1979-жылкы С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдын шериктери катары 1992-жылкы К.У. жана 1983-жылкы О.Н. кармалган. Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иши уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 638