• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте токтоп турган унаадан 29 жаштагы адамдын сөөгү табылды

14 Үчтүн айы 202212:06 Бишкек Govori.TV

13-январда Бишкектеги Москва көчөсүндө токтоп турган «BMW X6» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен эркек кишинин сөөгү табылды.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Москва көчөсүндө унаа токтоп турганын жана унаада болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз жигиттин сөөгү болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Унаанын ичинен 29 жаштагы К.С. атуу жарандын сөөгү табылган.

Аталган факты маалыматтарды каттоо журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 539