• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши 3-даражадагы күйүк алды

16 Жетинин айы 20219:51 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов районунун Буденный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, бөлмөсүндө диван жана төшөнчүлөр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1989-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Абалы оор деп бааланууда.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 115