• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте УКМКнын академиясы курулат

16 Бештин айы 202116:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине барганда белгилүү болду.

Азыркы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин билим берүү ишмердүүлүгү генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ишке ашырылат.

Белгиленгендей, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында КР УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер чечилүүдө.

Количество просмотров: 188