• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте унаа айдап качканга шектелип эки жаран кармалды

4 Бирдин айы 2022 12:22 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автоунаа айдап качканга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралда болжол менен саат 00:40та “102” кызматына Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаа уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Жеринде 27 жаштагы А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 00:30дар чамасында Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кетип калган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 24 жаштагы К.А. жана 35 жаштагы М.Р. аттуу жарандарды аныктап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 211-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдап качуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 89