Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматына Кулиев көчөсүндө авто уунаанын терезелерин талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган З.Ж.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин токтоп турган унаасынын терезелерин бейтааныш адам кирпич менен талкалап, андан ары качып кеткен.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Н.М.аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

