Бишкек шаарында өзүнө өрт койгон жаран каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
28-февралда Бишкекте жаш жигит өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Кырсык Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында болгон.
Свердлов райондук милициясына өзүнө өрт койгон жаран тууралуу маалымат 15:50дө келип түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала аныкталгандай, белгисиз жаран өзүн-өзү өрттөгөн. Окуя жерине тез жардам чакырылып, жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан.