• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте өзүн өрттөөгө аракет кылган адамдын абалы оор

1 Жалган куран 20238:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган эркектин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал денесинин 80%ынан күйүк алган.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук милициясы 28-февралда саат 15:50лөр чамасында Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылганы тууралуу билдирген. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып жана тез жардам кызматы келип, кырсыктын себеби такталып жатканы маалымдалган.

Кийин ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. экени аныкталган жана Тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Количество просмотров: 296