• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте жүргүнчү ташыган бус капталына оодарылып калды

12 Кулжа 202220:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Карасаев жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде №212 кичиавтобус жана Lexus 470 үлгүсүндөгү автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн болжол менен саат 13:20да болгон.

Алтын ала маалыматка караганда, алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кайгуул кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактоодо.

Количество просмотров: 572