• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жаш жигит көп кабаттуу үйдөн секирем деп коркутуп жатат (сүрөт)

27 Тогуздун айы 202116:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн жаран өз жанын кыюуга аракет кылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алдын ала маалымат боюнча Октябрь району, Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн (9 кабат)1 бала 1999 ж.т. Т.М. аттуу бала секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМ куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМ жана тез кызматынан 1 бригада тартылган, учурда көп кабаттуу курулуштун, болжол менен 9 кабатындагы турган жарандын оюнан кайтаруу аракеттери жүрүп жатат.

Эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы тууралуу маалымат такталууда.

Количество просмотров: 1822