• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү

9 Кулжа 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул үчүн 29 бирдик техника тартылды. Ошондой эле дарактар, газондор жана гүлзарлар Асанбай каналынан келген суу менен сугарылууда. Канал менен секундасына 500 литр суу төмөнкү көчөлөргө берилүүдө:

  • 7-Апрель,
  • Ахунбаев,
  • Байтик-Баатыр,
  • Айтиев,
  • Токомбаев,
  • Тыналиев.

Ошондой эле Жаңгак жана Кайың бактарына, Дайыр Асанов жана «Дене тарбия» гүлбакчасында сугат иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Манас, Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Фучик атындагы сейил багы жана башка көчөлөр кошумча скважиналар менен сугарылып жатат.

Атайын техниканын жардамы менен сугаруу иштери Ибраимов, Токомбаев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, Жеңиш аянтында, Чүй, Ч.Айтматов проспектилеринде жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 80