• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте жер төлөөдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

14 Тогуздун айы 202010:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн №162 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-октябрь күнү саат 20:49да «102» кызматына үйдүн жер төлөөсүндө эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине барган куткаруучулар адамдын сөөгүн жер төлөөдөн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1267