• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки киши жаракат алды

19 Теке 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май районунда эки унаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Горький жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус жана Матис үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жана 1 аял киши жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 143