• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте жол кырсыгынан унаа экиге бөлүнүп, эки адам каза болду

24 Жетинин айы 2018 15:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.11.2018. Govori.TV
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрга караган түнү таңкы саат 04:00 чамасында Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык жол кырсыгы «Мадина» базары тараптагы 7-апрель көчөсүндө катталган.
Mersedes-Bens үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду ээ боло албай калып,  анын кесепетинен унаа жолдон чыгып түркүккө барып урунган. Кырсык болгон жерде авто унаа экиге бөлүнүп калган. Анын ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Айдоочу жана бир жүргүнчү жеринен мерт кеткен. Ал эми экинчи жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилген.
Каза болгон айдоочу 26 жашта, жүргүнчү 22 жашта болгону белгилүү болду. Ал эми ооруканага жеткирилген экинчи жүргүнчү 1996-жылы туулган жаран экендиги маалым болду. Учурда ЖКККБнын кызматкерлери тергөө жүргүзүп жол кырсыктын себебин тактап жатышат.
Количество просмотров: 31