• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте жылуулук берүү толук жанданды

26 Үчтүн айы 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин абал калыбына келип, жылуулук берүү жанданды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык насостор жана суу алгычтар штаттык режимде иштеп жатат. Жөнгө салуу иштери жүрүүдө

“Түндүк электр” ишканасы тарабынан шаарга электр энергиясы керектүү көлөмдө берилди.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын отканалары да штаттык режимде иштеп жатат, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди.

Количество просмотров: 54