Бишкек шаарындагы 3 көчө бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, автоунааларды төмөнкү жолдордо бир тараптуу жүргүзүү пландаштырылууда:
Шопоков көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Панфилов көчөсү — Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
Логвиненко көчөсү — Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).
«Бишкектин Кайгуул милициясына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда»,-деп айтылат маалыматта.