Жаңы жылга карата шаардагы көчөлөрдүн кооздолушу социалдык тармактарда талкуу жаратты. Интернет колдонуучулары жасалгалоого нааразы болушууда.
Ал эми мэрия аталган маалымат такталып жатканын билдирди.
Кошумчалай кетсек, Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшала турганын буга чейин мэриядан билдиришкен. Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат.
Борбордук аянттагы жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.