• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектеги кыргыз тилчи мугалимдердин айлык-маянасынын так суммасы айтылды

24 Баш оона 2018 14:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.08.2018.Govori.TV.

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалардагы кыргыз тилчи мугалимдердин маянасы жумасына 20 сааттык эсепке жараша 8 миң 824 сомду жана 9 миң 164 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн 24-августта Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен мугалимдеринин кеңешмесинде шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирген.

Анын маалыматына таянсак Бишкек шаарында жалпы 96 мектеп бар. Алардын ичинен 13 мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Орус тилинде окутуу жүргүзгөн мектептердин саны – 29, ал эми аралаш тилде билим берген мектептердин саны – 54. “Кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 100 пайызды, орус тилдүү мектептердики 97 пайызды түзөт” – деди С. Мейранова.

Эске сала кетсек Билим Берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жаңы иштеп баштаган мугалимдин айлык маянасын сурап кайрылган депутатка так жооп бере албай элдин кыжырдануусун жараткан эле.

Количество просмотров: 26