• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкектеги медициналык борбордун 1-кабаты өрттөндү

28 Бугу 202110:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь районунун Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 1-кабатынан түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Саат 18:50дө куткаруучулар өрттү өчүрүүгө тартылган. Тилсиз жоо көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү медициналык борборунан чыккандыгы аныкталган.

Өрт саат 19:18де толук өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 182