• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Бишкектеги мектептерде 1-класска каттоо үчүн 13 миңдан ашык орун калды

23 Кулжа 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы мектептерде 1-класска каттоо үчүн 13 миңдан ашык орун калды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте учурда бөлүнгөн 17 миң бош орундун 12 миңден ашыгы калды.

«Баланы мектепке электрондук каттоо ушул жылы 11-апрелде башталган. Башында электрондук каттоо жарандын жашаган жериндеги каттоосу боюнча жүргүзүлсө, ал эми экинчи этапта — 27-июндан тартып каттоо жарандын жашаган жериндеги каттоосунан көз каранды жүргүзүлө баштайт», — деди ал.

Эскерте кетсек, баланы мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 27-июнда 09:00дө башталат.

Теги:
Количество просмотров: 84