• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектеги жаңы сейил бакка акысыз Wi-Fi орнотулат

14 Бештин айы 2020 14:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги жаңы сейил бакка видео көзөмөл жана акысыз Wi-Fi орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек  шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы сейил бакка видео көзөмөл тутумун орнотууну пландаштырууда. Тендер жакында мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

«Паркта 7,5 гектар аянтты камтыган сервердик бөлмө жана 52 видео камера болот. Жарандар үчүн жашыл зонанын бардык периметри боюнча акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар Wi-Fi орнотулат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, жаңы паркты видеокөзөмөл менен камсыз кылуу үчүн 2 миллион 634 миң сом каралган.

Количество просмотров: 54