Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” (ИГИЛ) эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү жасалма долларлар менен Бишкектен кармалганын 22-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал мурда каракчылык боюнча Россияда соттолгон Кыргызстандын жараны О.Б.Н.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жасалма долларлар Түркиядан Кыргызстанга сатуу жана андан түшкөн акчаны террористтерди каржылоого жумшоо максатында алынып келинген. Шектүү бул долларларды сатууга аракет кылган.
Ошондой эле кармалган адам ИГИЛдин аракеттерин интернетке таратып, актап жүргөнү белгилүү болду.
Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.