• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкектин айрым аймактарында 2 күн газ болбойт

11 Аяк оона 202313:34 Бишкек Govori.TV

11-сентябрдан 13-сентябрга чейинки аралыкта Бишкектин түштүк-батышында, тактап айтканда, Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы болбойт.

Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү газды жөнгө салуу пунктун алмаштыруу боюнча пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштер жылытуу мезгилине даярдоо максатында жүргүзүлөт. Негизги максат – газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу эксплуатациялоого даярдоо.

Количество просмотров: 139