• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

3 Тогуздун айы 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак — Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 98