• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкектин батыш тарабында эстакадалык көпүрө пайда болушу мүмкүн

4 Аяк оона 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Бишкектин батыш тарабында эстакадалык көпүрө пайда болушу мүмкүн. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинде Кытайдан келген потенциалдуу инвесторлорго жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн долбоорун сунуштады.

Эмилбек Абдыкадыров Фучик көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде тегерек түрүндөгү бийик жөө адамдар өтүүчү өтмөк же эстакадалык көпүрө курууну сунуштады.

Ошондой эле борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев тарабынан Бишкек шаарынын башкы планы боюнча «Бишкек Сити» эл аралык бизнес борборунун эскиздери сунушталды.

Жыйынга мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасы боюнча кеңешчиси Улан Уезбаев, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары Марат Жороев, Назгүл Койбагарова, райондордун башкы архитекторлору, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Количество просмотров: 124