• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жабдыктар тапшырылды

23 Кулжа 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгы №1, 3, 5, 6 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жабдыктарды өткөрүп берди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, медициналык мекмелерге ноутбук, оргтехника, уюлдук телефон жана эмеректер тапшырылды.

Мэриядан белгилешкендей, жабдуулар COVID-19 илдети күчөгөн мезгилинде саламаттык сактоо системасына жардам берген 118 ишеним кызматын чыңдоонун алкагында жана бейтаптарга алгачкы консультация берүү механизми катары берилип жатат.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын апрель айында шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы менен «Сорос-Кыргызстан» фонду «118 ишеним кызматын» кеңейтилген функциялуу туруктуу кызматка трансформациялоо үчүн техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүү негизги максаты болгон кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

«118 ишеним кызматы» Бишкек шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээли менен калктын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизми болуп саналат. Алгачкы консультациялар борбордун поликлиникаларына физикалык кайрылууну минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, «118 ишеним кызматы» тез жардам көрсөтпөйт, амбулатордук консультацияга муктаж калк менен иш алып барат.

Количество просмотров: 87