Данияр Арпачиев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Арпачиев мурда Тоң районунун акими болчу.
Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалган.