• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүндөгү тез тамактануу жайлары алынды

25 Жалган куран 202214:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Сүйүмбаев көчөсүндө (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте 6 күркөнү алды, бузуу иштери 3 күнгө созулду.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Количество просмотров: 408