• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкектин «Тез жардам» кызматы автоматташтырылды

24 Бештин айы 2018 8:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV.

Бишкектин мурдагы “Тез жардам”, азыр Чукул медицина борбору деп аталган кызматы жаңы тартипте иштей баштайт.

Бүгүн аталган мекемеде Башкаруунун автоматташтырылган системасынын бет ачары өтөт. Ага шаардык депутаттардын башчысы Жаныбек Абиров, мэр Азиз Суракматов жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышат.

Автоматташтырылган система элди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында түзүлүп жатканын шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жардам сурап кайрылгандардын арызын кабыл алуу, иштеп чыгуу, тез жардам көрсөтүү үчүн чыга турган бригадалардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жакшырып, интернетте атайын мобилдик тиркемелер иштей баштаары айтылды.

Долбоорду ишке ашырууга борбор калаанын мэриясы шаардык бюджеттен 8 миллион сом бөлүп берген.

Бригада жетишпей, доктур чакырганда көптөн кийин келген учурлар бар экенин шаардыктар Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу көп айтып, даттанышат. 

Теги:
Количество просмотров: 6