• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектин Токомбаев көчөсүндө унаа оодарылып калды

9 Жетинин айы 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектин А.Токомбаев көчөсүндө Foton үлгүсүндөгү унаа оодарылып калган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 9-ноябрда болжол менен саат 01:17 чамасында 1987-жылы туулган И.Т аттуу айдоочу “Фотон” үлгүсүндөгү авто унааны А.Токомбаев көчөсүнөн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, авто унааны башкара албай жолдун ортосундагы тоскоолдуктарды сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок.

Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 564