• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкектин жылуулук түтүктөрүндөгү мүчүлүштүк оңдолду

27 Үчтүн айы 2019 10:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.01.2019.Govori.TV.

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) адистери 26-январда түтүктөрдөгү мүчүлүштүктү оңдоп, түндө жылуулук бериле баштаганын «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ишембиде тармактык суу менен камсыз болгон түтүк бузулуп, ысык суу токтотулган жана Бишкектин түштүк тарабында жылуулук азайган. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү, темир жолдун түндүк жагындагы түтүктөрдө суу токтогон. Оңдоо иштерин кечки саат 21:00гө чейин бүтүрүү пландалган.

Анын алдында баш калаанын бир нече кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калган

Эске салсак, бир жыл мурун, 2018-жылдын 26-январында да Бишкек ЖЭБинде авария болуп, кыш чилдеде шаар тургундары бир жумадай жылуулуксуз калышкан.

2017-жылы аяктаган модернизациялоо иштерин Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзүп, ага 386 миллион доллар жумшалган.

Теги:
Количество просмотров: 29