• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык сынагы өтөт

16 Чын куран 2019 10:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн 16-апрелде Кыргызстанда “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык сынагы башталат. Билим берүү жана илим министрлиги балдардын “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы менен бирге уюштуруп жаткан иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылында өтөт.

Мурдагы советтик республикалардан жаш ойлоп тапкычтарды жана изилдөөчүлөрдү чогулткан бул жыйын 20-жыл өткөрүлүүдө.

Ага быйыл да Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузиядан жаш техниктер келишти.

Жалпысынан 170 эмгек калыстар тобунун назарына сунуш кылынат. Энергияны үнөмдөө жана маалымат технологиялары, автоматташтыруу, астрономия, курулуш жана өндүрүш боюнча алты номинацияда мыктылар аныкталат.

Количество просмотров: 98