Бишкек шаарынын кире беришинде орнотулган блокпосттордон жарандар тепловизордун жардамы менен текшерилип өткөрүлүүдө. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Кабарчыбыз билдиргендей, «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо орнотулган тосмолордон унаалар токтотулуп, анын ичиндеги жүргүнчүлөр атайы текшерүүдөн өткөндөн кийин гана өткөрүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, Өкмөт 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди. Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат.