• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Болот Сүйүмбаев финполдон кетирилди

26 Чын куран 201816:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.04.2018. Govori.TV.
Болот Сүйүмбаев  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Сүйүмбаев Болот Турарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп ээлеген кызматынан бошотулду.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Сүйүмбаев өткөн айда атайын кызматтын жетекчисинин орун басарлыгынан кеткен. Бирок көп узабай аны ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков азыркы кызматка дайындаган. Бул президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчынын ортосундагы саясий тиреш тууралуу талкууга жем таштаган жана премьердин иштен кетишинин башкы себебикатары да айтылган.
Количество просмотров: 126