• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Болот Темиров кайрадан суракка чакыртылды

20 Чын куран 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Temirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темиров 20-апрелде 10:30га суракка чакырылды. Бул тууралуу Темиров өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кечээ дагы үч кылмыш иши козголгону тууралуу протокол менен таанышып чыгууга убакыт беришти. Арыз жазууга дагы убакыт табуу үчүн. Бирок бүгүн эртең менен чакыруу келди», — деп жазган журналист.

Мунун алдында Темиров өзүнө карата дагы үч кылмыш иши козголгонун жазган. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. 

Количество просмотров: 64