Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында ушу тапта иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынч митинг өтүүдө. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер катышууда.
Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.