• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Болот Темировдун милицияга иш козгоо тууралуу арызы сотто колдоо тапкан жок

7 Теке 2022 14:26 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун милиция кызматкерлерине иш козгоп, аларды жоопко тартуу тууралуу арызы канааттандырылган жок. Бүгүн 7-июлда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Темировдун арызын четке каккан чечимин күчүндө калтырды.

Темиров аны кармап кетишкен күнү наркологиялык текшерүү учурунда милиция кызматкери тарткан видео жана Temirov LIVE каналынын тергөөчүлөр алып кеткен компьютериндеги видеолор кийин социалдык түйүндөргө фейк аккаунттар аркылуу тараганын жүйө келтирип, мындайга жол берген ички иштер кызматкерлерин жоопко тартуу тууралуу арыз менен прокуратурага кайрылган. Прокуратура ал арызды колдоодон баш тарткан.

Темировдун жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун ишин Свердлов райондук соту карап жатат. Аларды милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Количество просмотров: 184