• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боомдогу жол кырсыгында алты бала жеңил жараат алды

11 Теке 2021 20:03 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Боом капчыгайындагы жол кырсыгында алты бала жараат алганын билдирди. Анда балдардын денелери көгөргөнү, аларга “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөнү айтылат.

Боомдо Ысык-Көлдөгү лагерден балдарды Бишкекке ташып келе жаткан үч автобус кырсыктаган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдиришинче, автобустарды коштогон патрулдук милиция алдындагы бир машина аварияга кабылганы үчүн токтогон. Алардын артындагы эки автобус токтогонго үлгүргөнү менен үчүнчү автобус экинчисин сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынын айынан кан жолдо тыгын пайда болду.

Количество просмотров: 224