• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Борбор Азияда кыргыздарды эң кеч карыган калк деп атады

23 Жалган куран 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV

Борбордук Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн ичинен эң эрте картайгандар Тажикстанда жашашат. Алар 57,7 жашында эле кары адам катары саналып калат. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгын Lancett медициналык журналы жазды.

«Элинин картаюсу боюнча экинчи орунда Өзбекстан турат. Алар 57,8 жашынан тарта кары адам катары эсептелет.

Казакстандыктар 59,7 жаштан баштап карый баштаса, Тажикстандын жашоочулары 60,5 жаш курагынан тарта карый баштайт.

Борбор Азияда эң узак убакытка чейин Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары жаштыгын сактай алат. Алар 61,3 жаш курагынан баштап карый башташат», — деп жазылган журналда.

Изилдөөчүлөр жергиликтүү калктын каруу ылдамдыгын аныктай турган жеке методикасын иштеп чыгышкан. Алар аталган өлкөлөрдөгү элди канча жашынан баштап карыганда келчү оорулар басарын санашкан. Оорулардын тизмесине 92 карылыктын оорусу киргизилип, алардын арасында паркинсон оорусу, альцгеймер оорусу, гипертония, катаракта, глаукома, боор оорулары, ревматизм, артрит сыяктуу дарттар бар.

Изилдөөчүлөр орто жаштагы адамдар катары 65 жаштагыларды алган. Аларга изилдөө жүргүзүп, өздөрүн кайсы жаштан тарта жогорудагы ооруларга кабыларын сурамжылашкан.

Изилдөөчүлөр аныктагандай, дүйнөдө Папуа-Жаңы Гвинеянын эли 45,6 жашында эле өздөрүн 65 жаш курактагыдай сезе башташары билинген.

Ал эми Афганистандын эли өздөрүн 51,5 жашында эле кары адам катары сезип, карылыктын дарттары баса баштары аныкталган. Баарынан өздөрүн эң жаш сезген эл Түштүк Корея жана Испаниянын эли. Алар 75,1 жашында гана 65 жаштагы адамдардай сезе башташат.

Италиялыктар жаштыгын 74,8 жашка чейин сактай алышат. Буга кошумча изилдөөчүлөр жаштыкты узакка сактоонун, карылыктын кечирээк келишине кайсы факторлор таасир этерин да божомолдошкон.

Алардын катарына ар дайым кыймылда болуу, тамеки чегүүдөн баш тартуу жана медициналык жардамдарга өз убагында кайрылып, текшерилип турууну киргизишкен.

Булак: SUPER.KG

Количество просмотров: 23