• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Борбор калаада экинчи коворкинг борбор ачылды

17 Кулжа 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №9 шаардык китепкананын базасында экинчи коворкинг борбор ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Beeline компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин, Билим берүү демилгелер фондунун негиздөөчүсү Зафарбек Сулайманов, Билим берүү демилгелери фондунун Байкоочу кеңешинин төрайымы Айжан Чыныбаева катышты.

Коворкингдин максаты – активдүү таланттуу жаштарды колдоо, санариптик жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жарандарды китепканаларга тартуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева сөз сүйлөп, китепканаларды колдоо максатында мындай борборлорду ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Количество просмотров: 70