• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борборду жаңы жылга кооздоонун чыгымы 4 млн. сомго азайды

5 Бештин айы 2018 16:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.12.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарын жаңы 2019-жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иштерине коротулчу сумма 7 миллондон 4 млн. сомго азайды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, былтыр бир топ нерсе сатып алыныптыр. Мэр өзү отуруп алып, тизме менен текшерип, «Эмнеге кымбат компания менен иштейсиңер? Бир бактын акчасына эки бак кылгыла, бир лампанын акчасына экини илгиле»,- деп катуу айтканын белгилешти. Ошонун эсебинен чыгым дароо азайды. Ошондо баш-аягы жасалгалоону 4 млн. сомдун айланасында жасалаары айтылды.
Мындан мурдарак мэриянын пландык жыйынында жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого 6 млн. 800 миң сом сарпталары айтылган.
Количество просмотров: 22