• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Борбордук зонадагы V Азия чемпионатындагы жеңиши менен волейболчуларды Абылгазиев куттуктады

7 Аяк оона 2019 13:11 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Волейбол боюнча улуттук курама команданын спортчулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы аларды Катманду шаарында өткөн Борбордук зонадагы V Азия чемпионатындагы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады.

«Силердин жеңишиңер кыргызстандыктарды кубандырып, мамлекетке чыныгы белек болду. Ар бириңерге кооз жана чыныгы спорттук күрөш, мыкты жеңиш, өлкө үчүн сыймыктанууга дагы бир мүмкүндүк бергениңер үчүн ыраазычылык айтам. Силер миллиондогон күйөрмандарга чыныгы майрам тартуу кылдыңар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын Волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы командалардын ондугуна кирип, дүйнөлүк рейтингде 200дөн ашуун өлкөнүн ичинен 64-орунда турат.

Өкмөт башчы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновду, команданын капитаны Каныбек уулу Оңолбекти премьер-министрдин энчилүү сааты менен, волейбол боюнча эл аралык категориядагы калыс Нургазы Көкчолоковду «Ыраазычылык каты» менен сыйлады. Мындан тышкары улуттук курама командага 300 миң сомдук сертификат берилип, Волейбол федерациясына 100 миң сом бөлүндү.

Количество просмотров: 68