• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов: Нарында абал курч

18 Бугу 2020 19:09 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн президент менен болгон жолугушууда республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын баса белгиледи.

Анын айтуусуна караганда, Нарын облусунда оорураак абал байкалууда.

Кубатбек Боронов ошондой эле көпчүлүк региондордо жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда. Дээрлик күн сайын чет жактан жүк ташыган чоң жүк ташуучу унаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда.

Мурда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген Кыргызстандын беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.

Биринчи вице-премьер-министр үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелери талкууланды.

Количество просмотров: 408