• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Боронов ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты

28 Баш оона 2020 11:10 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи — импорт. Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүүдө. Импорт отуну боюнча тендер жүрүүдө.

Өкмөт башчы импорт көмүрүн ташып келүү иштери боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу», — депди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш», — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна сапаттуу даярдык көрүү жана өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 65