• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бостериде аялын сабап өлтүргөн жаранга өкүм чыкты

11 Аяк оона 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук сотунун 5-сентябрындагы өкүмү менен айыпталуучу Ш.К.Б. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлдү. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ш.К.Б. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-бер. 3-б. 1-п. менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 9 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 5-сентябрынан баштап эсептелинип, жазаны жалпы тартипте түзөтүү абактарында өтөсү белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 29-марттагы чечиминин негизинде айыпталуучу Ш.К.Б. 2022-жылдын 10-майынан баштап, 2023-жылдын 26-майга чейин алдын ала камакта болгон бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнунө эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп сот залынан камакка алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 515