• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Британиянын премьер-министри реанимацияга которулду

7 Чын куран 20208:57 Бишкек Govori.TV

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит — британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди. Бул тууралуу centralasian.org сайтты билдирет.

«Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду», — деп айтылат 6-апрелдеги билдирүүдө.

Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган эле.

Ал “зарылчылык жаралса” ордунда иштеп турууну тышкы иштер министри Доминик Раабдан өтүнгөнү да кабарланды.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри болгон.

Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жуктургандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.

Количество просмотров: 173