• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК депутаттары жаңы жылдык белектерди 800 миң сомго сатып алышат

15 Бештин айы 2018 10:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.12.2018.Govori.TV.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жаңы жылдык белектерди 800 миң сомго сатып алышат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Тендерди мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы жарыялаган. Анда 1000 белек сатып алуу пландалган.

Таттуулар Орусия, Украина жана Европадан жасалган болушу керек. Белектин курамында шоколад менен капталбаган печенье жана вафли болбошу керек.

Ошондой эле, белектин курамында карамель, жемиштер жана цитрус өсүмдүктөрү болбошу шарт. Мындан тышкары кофеттин бир түрү 3 даанадан көп болбошу керек.

Теги:
Количество просмотров: 8