• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БШК: Мүчүлүштүктөр тууралуу маалыматтар бар, даттануулар түшө элек

10 Үчтүн айы 2021 10:29 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров айрым шайлоо участокторунда техникалык мүчүлүштүктөр болгону тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарындагы №1217 жана №1221 шайлоо участокторунда добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөк иштебей калганы тууралуу маалыматы бар.

«Маалыматтар бар. Бирок азырынча даттануулар түшө элек. Учурда бул мүчүлүштүктөр жоюлуп жатат», -деди Шайназаров.

1726 шайлоочу катталган Бишкектеги №1046 шайлоо участогунда добуш берүүчү үкөктүн добушту каттоочу механизми иштебей калганына кабарчыбыз күбө болгон.

Добуштарды автоматтаттык эсептөөчү үкөктөр иштебей, добуш берүүлөр кечигип башталганы тууралуу аймактардан маалыматтар арбын болууда.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Количество просмотров: 73