Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Османалиев Кылмыш кодексинин 186-беренеси боюнча (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган. Анда Абдрахманов аттуу жаран фейсбуктагы билдирүүсү үчүн Осмоналиевге каршы арыз жазган. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Бул жагдайды парламентке аттанган саясий партиялардын бирин каттабай коюуга каршы чыккан позициям үчүн деп байланыштыргым келбей турат. Бирок мурунку күнү электрондук почтама хакердик чабуул жасалып, мен каттабай коюуга каршы чыккан партия боюнча чечим жоголуп кетиптир», -дейт Осмоналиев.